Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Сот "Супер-инфо” кабарчыларынын ишин кайра тергөөгө уруксат бербеди


Бүгүн Бишкек шаардык соту “Супер-инфо” гезитинин кабарчыларына байланыштуу ишти кайра тергөө токтотулсун деген прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган гезиттин тамаша торуна түшкөн КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекованын күйөөсү Искендер Шаршеев кабарлады. “Эми биз бул иш кайра тергелсин деп Жогорку Сотко кайрылабыз”, - деди Шаршеев.

Март айында Бишкектин Свердлов райондук соту кабарчылардын иши боюнча айрым жагдайларды тактоо үчүн кайрадан тергөөгө жөнөткөн.

“Супер-инфо” гезитинин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов өткөн жылдын ноябрында Коомдук каналдын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамашага салабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык деген кылмыштарга жол берген деп айыпталып жатат. Айыпталуучулар мындай кылмыш жасалганын мойнуна албай, Назира Айтбекованы гезит үчүн тамашага салуу гана аракети болгонун билдирип келишет. Бирок Айтбекова журналисттердин аракетин өзүнө каршы атайын уюштурулган иш катары баалоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG