Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

6 айда 471 килограммдан ашуун маңзат алынды


Маңзатты көзөмөлдөө кызматы жарым жылда 471 килограмм 713 грамм маңзатты колго түшүрдү. Анын басымдуу бөлүгүн, 80% жакынын гашиш түзөт. Андан кийинки орунда героин, апийим, марихуана турат. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Аталган кызмат биринчи жарым жылдыктагы өзүнүн ишин канааттандырарлык деп таап, маңзат бизнеси менен күрөшүүдө, ооган баңгизатын Кыргызстан аркылуу ташууга жол бербөө, абалды көзөмөлдөө багытында ишти күчөтүү чечимин кабыл алды.

Башка бир эсептөөлөрдө, дүйнөдө маңзат соодасынан жылына 65 млрд. доллар киреше түшсө, Кыргызстан аркылуу өткөн маңзаттын нак акчалай көлөмү 7 млрд. доллар чамасында. Кыргызстан аркылуу өткөн маңзат Казакстанга, Орусияга, андан ары Европага тарайт. Кыргызстандын аймагында отуздай баңгизат ташып, шугулданган топ бар экени айтылып жүрөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG