Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Европа соту Ходорковский жана Лебедевдин арыздары боюнча чечим чыгарды


Страсбургдагы адам укуктары боюнча сот 25-июлда камактагы Михаил Ходорковский жана Платон Лебедевдин арыздары боюнча чечимин ачыктады.

Бүтүмгө ылайык ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Ходорковский жана анын өнөктөшү Лебедевдин иши боюнча айыптоочу тарап ишенимдүү негиздерди келтирген, бирок соттук териштирүү акыйкатсыз өткөн жана айыпталуучуларды алыскы колонияларга жиберүү негизсиз болгон.

Страсбург соту камоого саясий себептер болбогонун кошумчалап, Ходорковскийдин адвокатына ал Европа сотуна кайрылбашы үчүн басым жасоо болгонун билдирди. Ошондой эле Европа соту Ходорковскийге моралдык чыгым үчүн 10 миң евро төлөп берүү боюнча чечим чыгарды. Лебедевдин мүлктүк чыгымды толуктоо арызы каралган жок.

Ходорковскийдин адвокаты Карина Москаленко Европа сотунун бул чечими Ходорковский боюнча өкүмдү жокко чыгарыш керек деп эсептейт. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG