Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Нариман Түлеевге сот өкүмү чыгат


Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурунку мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин соту уланат. Анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, бүгүнкү жараянда Түлеев соттогу акыркы сөзүн сүйлөйт жана ага өкүм чыгышы күтүлүүдө. Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми аны менен бирге айыпталган Бишкек шаардык мэриясынын 5 кызматкерин 9 жана 15 жылга жазага тартуу суралган.

Түлеев 2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат. Ал былтыр июнда камакка алынган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG