Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:36

Талап-тоноочулук боюнча тергөө иши узартылды


2010-жылдагы апрель окуялардында талап-тоноочулук боюнча тергөө ишинин мөөнөтү 20-августка чейин узартылды. Бул тууралуу ишти тергеп жаткан мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө иштин жаңы жагдайлары белгилүү болуп, аны узартууга туура келди. Эми тергөө тобу өз корутундусун 20-августта жарыялайт.

Белгилүү болгондой, мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу май айында Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти кайра жандандырган. Учурда мекемелер аралык тергөө тобу “Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-мүлкүн талап-тоноого тиешеси бар же жоктугун иликтөөдө. Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тергөөнүн жыйынтыгына жараша президент Алмазбек Атамбаевге кайрыла турганын билдирген болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG