Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Египет массалык митингдерге даярданууда


Египетте армияны колдогон уюмдар бүгүн ири митингге даярдык көрүп жатышат. Алар бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлеринин аны кайрадан бийликке алып келүү талабына каршылык билдиришмекчи.

Шаршембиде өлкөнүн коргоо министри Фаттах Абдел ал-Сиси египеттиктерди террорго жана зордук-зомбулукка каршы туруу үчүн бүгүн көчөгө чыгууга чакырган. Сиси мындай жол менен египеттиктер аскерлерге терроризмге жана зордук-зомбулукка күрөшүүдө ишеним көрсөтөөрүн билдирген.

Аскерий жетекчиликтин мындай чакырыгын Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы өз дарегине коркутуу катары кабыл алды. Бул уюмдун жетекчилери буга каршы туруу үчүн өз тарапташтарын каршылыгын билдирүүгө үндөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG