Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Тунисте оппозициялык саясатчыны өлтүрүп кетишти


Мухаммед Брахминин кызы

Мухаммед Брахминин кызы

Тунисте оппозициялык саясатчы Мухаммед Брахмини өлтүрүп кетишти. Аны бейшембиде өз үйүнүн жанында белгисиз эки адам атып кеткен. Буга нааразы болгон миңдеген адамдар Брахиминин өлүмүнө исламчылар түзгөн өкмөттү күнөөлөп, көчөлөргө чыгышты. Жаалданган миңдеген адамдар борбор калаадагы Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына жана маркумдун кичи мекени Сиди-Бузидге топтолушту. Алар бийликтеги “Эн-Нахта” партиясынын кеңсесин да өрттөп жиберишти. Өлкөдөгү ири профсоюз бүгүн иш таштоо акциясын баштаарын жар салды.

Брахми учурдагы бийликке каршы чыккан активдүү оппозиционерлердин бири болчу. Анын өлтүрүлүшүн АКШ бийликтери жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай сынга алып, ар тараптуу иликтөө зарылдыгын билдиришти. Брахми быйыл Тунисте өлтүрүлгөн экинчи саясатчы болуп калды. Жыл башында оппозиция лидери Шокри Белаид өлтүрүлгөн эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG