Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

"Сүткорлукту чектөө жөнүндө" мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев "Сүткорлукту чектөө жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзамда каржы мекемелеринин иш аракеттерин жөнгө салуунун, бул чөйрөдө мамлекеттик саясаттын принциптери жазылган.

Микрокредиттик компанияларга карызын төлөй албай калгандар былтыр бир нече жолу нааразылык акциясына чыккан. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары каржы уюмдарынын ишин көзөмөлдөөнү сунуштап, мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал быйыл 20-июнда кабыл алынган.

Айрым ишкерлер мындай мыйзам экономиканын эркин өнүгүүсүнө каршы келерин айтып чыгышкан. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG