Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

“Центерра голд инк” менен сүйлөшүү августта аяктайт


“Центерра голд инк” менен кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Канаданын Торонто шаарында жайгашкан компаниянын аткаруучу директору Ян Аткинсон Кыргызстанга августта келет. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкаруу төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди. Анын айтымында, Кумтөр тууралуу чечимди акционерлер кабыл алат.

Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра голд инк” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин мөөнөт күзгө чейин узартылган.

Кендин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия 2009-жылы “Центерра” менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп сыпаттап, аны бузууну сунуштаган. Ал эми канадалык компания келишимди мыйзамдуу деп эсептерин билдирген. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG