Тунисте оппозициялык лидердин киши колдуу болушуна нааразылык иретинде эң ири профсоюздук бирикме элди бүгүн массалык иш таштоого чакырган. Азыркы исламчыл өкмөттүн негизги сынчыларынын бири Мухаммед Брахмини кечээ эки белгисиз куралчандар атып өлтүрүшкөнү массалык нааразылыкты жаратты.
Бейшембиде баш калаа Тунисте жана бир топ башка шаарларда миңдеген эл “Эннахда” партиясынын бийликтен кетишин талап кылып, көчөгө чыкты. Полиция демонстранттарды таркатыш үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонду.
АКШ менен Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай оппозиционердин өлтүрүлгөнүн айыптап, окуяны астейдил иликтөөгө чакырышты. (TD)