Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Нариман Түлеевдин соту 29-июлга калды


Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин соту дүйшөмбүгө калды. Ага Түлеевдин кан басымы жогорулап, ооруп жатканы себеп болгонун Ленин райондук соттун судьясы билдирди.

Бүгүн Түлеев жана аны менен кошо айыпталып жаткан мэриянын мурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкмак. 17-июлда өткөн сотто иш жыйынтыкталып калганы айтылган. Мамлекеттик айыптоочулар аларды 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.

Депутат жана жактоочулар айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин билдирип келишет. Түлеевдин жакындары бүгүн сотко басым жасалып жатканын айтса, мамлекеттик айыптоочулар мындай дооматтарды четке какты.

Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген учурда Кытайдан 200 автобусту алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндөн кийин дагы “таштанды ташуучу унааны сатып алууда бюджетке зыян келтирген” деген айып тагылып, тергөө абагында калган. (AKu/JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG