Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

АКШнын Диний эркиндик боюнча комиссиясы Казакстанды кескин сындады


Бакытжан Кашкумбаев (солдо) менен Александр Харламовду (оңдо) комиссия абактан бошотууга чакырды

Бакытжан Кашкумбаев (солдо) менен Александр Харламовду (оңдо) комиссия абактан бошотууга чакырды

“Казакстан Борбор Азияда дин эркиндигин камсыздоо боюнча мындан ары лидер эмес”, - деп билдирет комиссиянын башчысы Роберт Жорж. Анын айтымында, динге байланыштуу макалалары үчүн эки активисттин камалышы жана өлкө эки жыл мурун дин эркиндигин кескин чектеген мыйзамды кабыл алганы өлкөнүн эл аралык имиджине катуу сокку болду.

Сөз жакында соту болоору күтүлүп жаткан 63 жаштагы атеист-блогер Александр Харламов менен 66 жаштагы протестант-диниятчы Бакытжан Кашкумбаев жөнүндө болуп жатат. Алар экөө тең күч менен психиатриялык текшерүүгө алынышкан. АКШ комиссиясы аларды бошотууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG