Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Нарындыктар Жетим-Тоодо чалгындоону токтотууну талап кылууда


Нарындын Орток айыл кеңешинин депутаттары Бишкектеги маалымат жыйынында Жетим-Тоодогу Данги аймагын чалгындап жаткан Кытайдын “Арт майнинг” компаниясынын лицензиясы былтыр мыйзамсыз узартылганын билдиришти. Бул ишке Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Ишимбай Чунуевдун катышы бар деп айтышты. Айылдык кеңештин депутаттары 2011-жылы бул аймактагы темир кенин чалгындоо боюнча лицензиялар жокко чыгарылганын, борбордук бийликтин мындай чечиминен жергиликтүү бийликтин кабары болбогонун жүйө кармоодо.

Темир чалгындоого каршы тараптар кендин тегерегинде корук жайгашкандыктан, тиешелүү органдардан кылмыш ишин ачууну талап кыларын айтышып, чалгындоого каршы мурда эле 10 миң кол топтошконун эске салышты.

Чунуев болсо бул билдирүүнү саясий буйрук деп атады. Ал лицензиянын мөөнөтүн узартуу боюнча атайын комиссиянын чечими болгонун, комиссия расмий жооп камдап жатканын кошумчалады.

Жетим-Тоодо 6 темир кени бар аймак табылган. Алардын көлөмү толук изилденген эмес. Болжол менен 3 миллиард тоннадай темир бар деп айтылат. (EBM/AKu)

XS
SM
MD
LG