Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Радиацияланган машине Кыргызстанга киргизилип жатканда кармалды


Бул тууралуу Бажы кызматынын өкүлү Абдылда Малдыбаев билдирди. Анын айтымында, 24-июлда текшерилген жеңил машиненин радиациялык көрсөткүчү саатына 55 рентгенден ашкан. Нормасы – саатына 0,25 рентген болуш керек эле. Машине Жапониядан алып келинген.

2011-жылы Жапониядагы “Фукусима” атомдук станциясындагы кырсыктан бери Кыргызстанга 17 ууланган унаа келген. Бажы кызматы аларды колдонууга тыюу салып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын жабык кармоочу жайына өткөрүп берген. Абдылда Малдыбаевдин айтымында, станциядагы авариядан кийин радиацияланган машинелер Кыргызстанга агылган жок. Анткени транзиттик өлкөлөр катуу текшерет. Бирок контейнерлерге салып өткөндө айрым машинелердин радиациясы билинбей калган.

Товарды кайра кайтарып берүү боюнча Жапония менен Кыргызстандык укуктук базасы жок.

Кыргызстанга былтыр чет өлкөлөрдөн 63 миң машине кирген. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG