Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33
Каирдин Рабаа ал-Адавия мечитинин айланасында коопсуздук күчтөрү менен бийликтен оодарылган президент Мохаммед Мурсинин тарапкерлеринин кагылышуусу уланууда.

“Мусулман агайындар” кыймылынын билдиришинче, бүгүн таңга жуук коопсуздук күчтөрү Мурсинин жактоочуларына каршы жасаган чабуулда кеминде 70 киши өлгөн. Би-Би-Си агенттиги доктурларга шилтеп, кагылышта бери дегенде 100 киши өлүп, миңден ашык адам жарадар болгонун маалымдады.

Чатак өткөн түнү мурсичилер жана антимурсичилер демонстрацияга чыккандан кийин башталды. Кандуу булоон Египет армиясын 3-июндан бери Рабаа ал-Адавия мечитинин алдында митинг уюштуруп жаткан “Мусулман агайындарга” каршы чечкиндүү чара көрүүсүнө алып барары айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG