Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Баткенде быйыл чек арадагы жаңжалдар үч эсе көп катталды


Аймактагы чек ара жаңжалдары былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу үч эсе көп болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2012-жылдын 6 айында Баткен облусунун аймагындагы чек арада 12 жолу чыр чыккан. Быйыл жарым жылда 30 жолу жаңжал тутанып, анын ичинен 23 жолу Тажикстан менен чектешкен, 7 жолу Өзбекстан менен чектеш аймакта орун алган.

Жергиликтүү серепчилер акыркы убакта чек арадагы тирешүүлөрдүн өңүтү күч колдонууга ыктап жатканын белгилешүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG