Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Азия чемпионатында кыргызстандыктар 1-орунда келатат


Кыргызстандын спортчулары Монголияда күрөш боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында дагы 2 алтын, 3 коло медаль утушту. Аялдар күрөшүндө Динара Сулайманова, грек-рим күрөшү боюнча Абдулазиз Ашымбеков алтын медаль алышты. Үзүр Жусупбеков, Нурсултан Махмудов грек-рим күрөшүндө, Канайым Бургхан кызы аялдар күрөшүндө коло медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 26-июлда кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 коло медаль алышкан. Ошону менен жалпы 10 медаль болду. Күрөштүн бул түрүнөн командалык эсепте кыргызстандык жаш спортчулар быйыл үчүнчү ирет Азияда биринчи болуп жатышат. Мурда Кыргызстанда, Тайландда өткөн чемпионатта алдыңкы орунду багындырышкан.

Күрөш боюнча Азия жаштар чемпионаты 28-июлда жыйынтыкталат. Күрөштүн бардык түрү боюнча Кыргызстандыктар азырынча 12 медалга ээ. (AKu/KM)

XS
SM
MD
LG