Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Казакстанда кармалган кыргыз малчылары дагы 2 ай абакта болот


Казакстанга чек арадан кирип кеткен беш кыргыз жараны дагы эки ай абакта кармалат. Алматы облустук Райымбек райондук соту бүгүн ушундай чечим чыгарды.

Судья Улан Кишибайдын “Азаттыктын” Казак кызматына айтышынча, кыргызстандыктар 24-сентябрга чейин абакта болот. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин “чек араны мыйзамсыз өткөн” деген беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга жаңы айып тагылат.

Судьянын билдиришинче, Бикеров, Талдыбаев, Мамбеталиев, Атабеков жана Дүйшөкеев сотко чейин Талды-Коргондогу ЛА-155/16 абак жайында кармалат.

11-июлда казак чек арачылары Кыргызстан-Казакстан ортосундагы Көк-Көл жайлоосунда ичкери кирип кеткен деп, сегиз кыргыз малчыны кармаган. Алардын бири бойго жете элек болгондуктан бошотулган. Ошол эле күнү кармалган Үсөн Узаков менен Элдияр Узаковду сот 17-июлда “чек араны бузган” деп таап, эки айга камалганын билдирген. Алардын 864 кою жана 16 аты кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилгенин казак тарап кабарлаган.

Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулдугу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине иликтөө иштерин туура жүргүзүү жана жарандарды бошотуу боюнча нота жолдогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG