Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

“Прогресс” эл аралык станция менен туташты


Орусиянын “Progress” космостук кемеси эл аралык орбиталдык станция менен ийгиликтүү чиркешти. Бул жөнүндө Орусиянын космостук агенттиги кабарлады. Пилотсуз башкарылчу “Progress” кемеси андан алты саат мурда Казакстандын Байкоңур космодромунан учурулган эле. Эл аралык станциянын экипажы “Прогресс” алып келген азык түлүктү, отунду, кычкылтекти, жабдууларды станцияга ташышууда. Орбиталдык станцияда азыр алты космонавт бар. Алардын экөө Орусиядан, бирөө Европа космостук агенттигинен жана эки астронавт америкалыктар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG