Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Жумгалда малдын кырылышынын себеби дале белгисиз


Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облусунун Жумгал районундагы санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык инспекциясынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурланбек Шамырканов билдирди.

Мындан он күндөй алдың чабандар жаан жааган сайын ар бир короодон 5-6 кой-эчки өлүп жатканын билдиришкен эле. Жергиликтүү ветеринарлар мунун себебин жаан жааганда уу бөлүнгөн чытыр деген чөптөн болжоп, аны анализдөө үчүн Бишкекке жиберишкен. Азырынча жыйынтык чыга элек.

Нурланбек Шамырканов бирин-серин өлүп отуруп Жумгалда 150дөй, Ак-Талаа районунда 90дой кой-эчки чыгым болгонун билдирди. Ушундай эле белгилер менен Нарын районунда да мал өлгөнү кабарланган. (AKu)

XS
SM
MD
LG