Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Египеттеги кагылышта өлгөндөрдүн саны 72ге жетти


Египеттин саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, ишемби күнү коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мурсинин жактоочулары ортосунда болгон кагылышта апаат болгондордун саны 72ге чыкты. “Мусалман агайындар” 100дөн ашык адам өлгөнүн айтып, аскерлерди курал жараксыз адамдарды “атты” деп күнөөлөдү. Каирдин кандуу булоон болгон Рабаа ал-Адауия мечитинин жанында мурсичил “Мусулман агайындардын” миңдеген тарапкерлери жылбай отурушат. Ишемби күнү таң эртең болгон тирешүүдө Александрия шаарында тогуз киши өлгөн.

Мамкатчы Жон Керринин айтышынча, Египеттеги кан төгүүлөр менен коштолгон саясый кризис өлкөнү “бурулуш учурга” алып барды. Керри Вашингтондо жасалган кайрылууда Египеттин саясый жетекчилериин “тез чара көрүп,” өлкөнү жардын башынан артка кайтарганга чакырды.

XS
SM
MD
LG