“Фемен” кыймылы өзүнүн төрт мүчөсүн белгисиз бирөөлөр кармап кетишкенин бекемдөөдө. Өткөн ишембиде аял укугун коргоо үчүн жылаңач акцияга катышып жаткан жеринен кыймылдын үч активисти Киев полициясы тарабынан кармалып, шаардык сот тарабынан “ээнбаштык кылганы үчүн” айыппулга жыгылышкан.