Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Тоңдо катуу шамалдан үйлөр жабыркады


Көлдүн Тоң районунда мурдагы түнү катуу шамал жүрүп, эки үй жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарында жайгашкан бул үйлөрдүн чатыры учуп кеткен. Учурда жарандык коргонуу комиссиясынын адистери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG