Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

ӨКМ көлгө түшүү эрежелерин түшүндүрөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнө барып эс алуучулар үчүн окуу уюштурганы жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган мекемеден кабарлашты. Эртең, 30-июлда куткаруучулар сууга түшүү жана чөгүп кете жаздаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү эрежелерин айтып, көрсөтүп берет. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкектин четиндеги майда көлдөрдө эки киши чөгүп каза тапты. Быйыл сууда кырсыктагандардын саны өзгөчө көп болуп жатканын, июн айында эле 48 адам чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG