Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Сот Түлеевдин адвокатынын өтүнүчүн канааттандырган жок


Бишкектин Ленин райондук сотунда Нариман Түлеевдин соту уланууда. Бүгүн соттолуучуга акыркы сөз берилип, өкүмү угузулмак. Бирок анын адвокаттары бул ишти башка судья карасын деген өтүнүчүн келтирди. Судья Аман Сариев акыркы сөзгө келгенде сотту алмаштыруу өтүнүчүн келтирүү мыйзамга туура келбесин айтып, адвокаттардын кайрылуусун канааттандыруудан баш тартты.

Учурда тараптар ич ара кеңешип жатат.

Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Нариман Түлеев шаар башчы болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда коррупцияга барган деген айып менен бир жыл мурда камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда өзүнө тагылган айып негизсиз экенин айтып келет. (AKu/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG