Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Баш прокуратурасы Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган мекеменин жетекчисинин биринчи орун басары Бекмамат уулу Темирбек билдирди. Анын айтымында, кылмыш иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тергөөгө жөнөтүлдү. Ал парламенттик комиссиянын корутундусунун негизинде, Кылмыш кодексинин 304-беренесин боюнча (кызмат абалынан пайдалануу) козголду.

- Кылмыш иш 18-июлда, факттын негизинде, медициналык корутундулардын карама-каршы болуп жатканына байланыштуу козголду. Эгер аны бошотуу үчүн жасалма жол колдонулганы аныкталса, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат, - деди Бекмамат уулу Темирбек.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев бир нече оор кылмыш үчүн кесилген. Жаза мөөнөтү дагы 8 жылдан кийин аяктамак. Лейкоз дартына чалдыкты деген себеп менен ал быйыл апрелде бошонуп, Орусияга "Манас" аэропортунун VIP-залы аркылуу жеке учак менен учуп кеткен. Бирок кийин парламентте атайын түзүлгөн комиссия "лейкоз" деген диагноз жасалма экенин айтып чыккан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG