Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Чаткалдын мурдагы акими боюнча иш сотко өттү


Жалал-Абаддын Чаткал районунун мурдагы акими Таласбай уулу Акматбекке карата козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн райондун прокурору Муктар Айдарбеков билдирди. Иш сотко 25-июлда өткөнүн Баш прокуратура да кабарлады. Мурдагы аким жана Чаткал акимиатынын башкы бухгалтери мамлекеттик бюджеттен 263 миң сом жана райодук администрациянын резерв фондунан 19 миң сом алып, жеке максатта пайдаланган деп айыпталууда. Резерв акчанын 3 миң сомун Таласбай уулу Акматбек Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан баласынын атына которгону да айтылууда. Кылмыш иши учурда Чаткал райондук сотунун кароосунда.
Мурдагы акимдин телефон номуру өзгөргөндүгүнөн аны менен сүйлөшүү мүмкүн болбой жатат. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG