Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Орусия Сноуденди качкындар лагерине жибериши мүмкүн


Орусиянын миграция кызматынын өкүлү билдиргендей, эгер АКШнын чалгын маалыматын ачыкка чыгарган Эдуард Сноудендин убактылуу баш калканч берүү өтүнүчү канааттандырылса, ал Москванын сыртындагы качкындар лагерине жиберилши ыктымал.

Федералдык Миграция кызматынын Москва бөлүмүнүн жетекчиси Олга Кирилованын айтымында, шаардын өзүндө Сноуденге ылайыктуу качкын бөлүмү жок. Кирилова Сноудендин коопсуздугун камсыздоо зарылчылыгынан улам, ал Шереметьево эл аралык аба бекетинде кайтарууда кала берип жаткандыгын бышыктады.

Аталган кызматтын коомдук кеңешинин башчысы Владимир Волох кечээ Сноуден баш калканч алган күндө да ал Орусияда ээн-эркин жүрүшү өзү үчүн кооптуу экендигин билдирди:

- Менимче, Сноуден мырза өзү да же аэропорттун өткөөл тилкесинде кала бергени, же анын кепилдиги камсыздалганы зарыл экенин түшүнөт.

Волохтун сөзү боюнча, миграция кызматтары Сноудендин иденттүүлүгүн аныктоо менен алек болуп жатышат. Анын паспортун Кошмо Штаттары күчүнөн кетирип салган эле. Сноуденге АКШда телефонду тыңшоо, интернетти көзөмөлдөө программасын ачыкка чыгарганы үчүн айыптар коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG