Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Италия: жол кырсыгынын курмандыктарын куткаруу уланууда


Италияда куткаруучулар өлкөнүн түштүгүндө жардан кулаган автобустан 36 өлүктү алып чыгышты.

- Тилекке жараша, мындай каргашалуу кырсыктар күндө боло бербейт. Бул чыныгы трагедия болуп калды. Башында автобустун ичинде калган жарадарларды куткардык, анан 36 курмандыктын сөөгүн алып чыктык, - деп билдирди Кампания дубанындагы өрт өчүрүүчүлөр бригадасынын жетекчиси Алессио Барбаруло.

Баш калаа Римден 160 чакырым түштүктөгү Авелино кыштагында автобус машиналар менен кагылышып, 15 метр бийиктиктен кулап түштү. Аз дегенде 11 киши аман куткарылды. Автобуста 50 чакты жүргүнчү болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG