Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Жалал-Абадда кургак учук көбөйүүдө


Быйылкы жылдын алты айында Жалал-Абад облусунда кургак учук менен 430 адам
катталды. Бул былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 20га көп. Саламаттыкты сактоонун облустагы координатору Маматжан Миянов кургак учук чоңдор арасында көп катталып жатканын, оорулардын саны көбөйгөнү дарт аныктоонун жакшырышы менен түшүндүрүүдө.

Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда кургак учук болуп ооругандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Азыр өлкөдө 100 миң кишинин 103үндө бул дарт бар. Эки жыл мурда 100 миңдин 95и оорулуу болчу. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG