Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Тунисте өкмөт чукул абалда жыйынга чогулду


Чукул чогулган өкмөт өзүнүн отставкасын талап кылган нааразылык акцияларын талкуулады. Кечээ кечинде 25 миң чакты өкмөттү колдогон жана ага каршы болгон демонстрант парламенттин алдында чогулган. Тартип коргоочулар каршы тараптардын ортосуна тосмо орнотууга жетишти. Бүгүн бийликтер борбордук аянтты «жабык аскердик аймак» деп жарыялады.

Ишембиде бийликтин динден бөлөк болушун жактаган оппозиция лидери Мухаммад Брахминин сөөгү жерге берилгенден кийин чогулган демонстранттарды таркатуу үчүн полиция ачуу газ колдонгон эле. Брахми акыркы жарым жылда өлтүрүлгөн экинчи секулярдуу саясатчы болуп калды.

Исламчыл өкмөттү «диний экстремисттерди» көзөмөлдөй албайт деп айыптаган нааразылар «улуттук куткаруу өкмөтүн» түзүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG