Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Эштон Египетке келди


Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Египетке келди. Европалык башкы дипломат Каирде Египет армиясынын башчысы генерал Абдел Фатах ал-Сиси жана башка жетекчилер менен жолугушту.

Ал президент Мухаммад Мурси кулатылгандан кийинки өлкөдөгү татаал кырдаалды талкууламак. Эштон бүгүн өлкөнүн убактылуу президенти Ади Мансур менен жолугушууга тийиш.

Европалык мартабалуу өкүл Мурсини колдогон "Мусулман агайындарынын" өкүлдөрү менен да көздөшүп жаткандыгы кабарланды. Мурсинин колдоочуларынын ишембидеги демонстрациясында 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Кулатылган президенттин оппоненттери аны улуттук кызыкчылыктан диний кызыкчылыктарды жогору койду деп күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG