Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Депутат Нариман Түлеев 11 жылга кесилди


Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри, ЖК депутаты Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыратты. Сот экс-мэрди Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп тааныды. Ошондой эле Түлеев менен кошо соттолуп жаткан мэриянын кызматкерлерине да айып тагылып, 5-10-13 жылга чейин эркинен ажыратылды.

«Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси Бакыт Сыдыков үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга кесилди. Мурунку вице-мэр Валерий Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Руслан Бейшембаев жана Билимбек Токтобеков 10 жылга соттолду. Ал эми мэриянын алдындагы шаардык автотранспорттук ишкананын мурунку жетекчиси Медет Кожобергенов күчөтүлгөн режимде 13 жыл жаза өтөөгө өкүм кылынды.

Өкүмгө чейин сүйлөгөн сөзүндө айыпталуучулар негизсиз соттолуп жатышканын, өздөрүнө тагылган айыптар далилденбегенин билдиришкен. ЖК депутаты Нариман Түлеев өзүнө чыгарылып жаткан өкүмдү «саясий чечим» деп баалаган. (AKu;ZKo)

XS
SM
MD
LG