Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Сот депутат Түлеевди 11 жылга кести


Нариман Түлеев 11 жылга кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Нариман Түлеев 11 жылга кесилди

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин иши боюнча өкүм чыгарды.

Бишкектин Ленин райондук соту дүйшөмбү күнү кечинде чыгарган өкүмү менен борбор калаанын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратты.

Өкүмдү аталган соттун судьясы Аман Сариев окуду:

- Түлеев Нариман Ташболотович мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 11 жыл күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылсын. Жаза өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 15-августунан тарта эсептелсин.

Мындан сырткары экс-мэр менен кошо айыпталып жаткан мэриянын мурдагы кызматкерлери да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылды. Атап айтсак: мэриянын алдындагы шаардык автотранспорт ишканасынын мурунку жетекчиси Медет Кожобергенов күчөтүлгөн режимде 13 жылга, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Руслан Бейшембаев жана Билимбек Токтобеков 10 жылга жаза өтөөгө өкүм кылынды. Мурда «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткарып келген Бакытбек Сыдыков 5 жылга кесилди. Жазага өкүм кылынгандардын баарынын үй-мүлкү мамлекет эсебине чегериле турган болду.

Мындан сырткары Нариман Түлеевдин бир туугандарынын жана жакындарынын банктагы эсебин, “Ак жол” компаниясындагы акцияларын жана мамлекеттик тиешелүү органда каттоодо турган мүлктөрүн да мамлекетке өткөрүү чечими угузулду.

Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев минтип жакындарына кошо жаза берилери күтүүсүз болгонун айтат:

- Нариман Түлеев ага судья көп жыл берерин айтып жаткан. Бирок жакындарына, бир туугандарына кошо жаза берет деген бизде такыр болгон эмес. Биз кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрылабыз.

Сот өкүмүнөн соң Нариман Түлеев журналисттерге соттун чечимин “саясый буйрук” деп баалады:

- Бул өкүмдү саясий буйрук деп эсептейм. Кимдер кимге чалып, кандай чечим кылууну буйруганын мен убагы келгенде айтам. Менде телефон байланыштарынын маалыматтары бар. Судья буйрукту аткарууга аргасыз болуп жатат. Биз соттун кийинки баскычтарынан утуп чыгабыз деп үмүттөнөм.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан 200 автобусту алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген делип, былтыр августта камакка алынган. Андан кийин сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө коррупцияга шектелип, тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоо аны бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп билдирген.

XS
SM
MD
LG