Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Пакистанда согушкерлер түрмөгө кол салды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы Дера шаарынын полициясы кабарлагандай, согушчандардын чабуулу талибандар жана башка террорчулар отурган түрмөгө жасалды. Полиция башчыс Сахел Халиддин айтуусунда, согушчандар түн ичинде танкка каршы гранатомет жана пулеметтер менен аткылашты. Жашыруун калууну каалаган кызматкерлердин айтуусунда, кол салгандардын арасында полиция кийимин кийгендер да бар. Хибер провинциясындагы түрмө башчысы Халид Аббас аскерлер аймакты курчоого алганын, бирок полициянын кийимин кийгендерден улам согушчандарга каршы сокку урууда кыйынчылыкка тушукканын билдирди. Дера шаары Пакистандагы Талибандар жана ал-Каида сыяктуу террордук уюмдардын уюгу эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG