Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Максим Бакиевдин АКШдагы акчасын кайтаруу аракети башталды


Кыргызстандын Баш прокуратурасы Максим Бакиевдин АКШдагы акчасын кайтаруу аракетин баштады. Бул үчүн америкалык Akin Gump юридикалык компаниясы менен келишим түздү. Башкы прокурордун биринчи орун басары Бекмамат улуу Темирбектин “Азаттыкка” айтымында, келишимге ылайык, аталган компания Максим Бакиевге карата АКШда козголгон кылмыш ишти кайра карап чыгып, анын ал жакта камакка алынган беш миллион доллардан ашуун каражатын Кыргызстанга кайтарып келүүгө көмөктөшөт. Буга чейин экономика министри Темир Сариев бул америкалык компаниянын маалыматына таянып АКШда Максим Бакиевге таандык 74,4 миллион доллар эсеби жабылганын кабарлаган.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев былтыр күзүндө АКШнын өтүнүчүнүн негизинде Британиядан кармалган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулган жана АКШга өткөрүп берүү жагдайлары каралып жаткан. Бирок мындан эки ай мурун Лондон соту далилдер жетишсиз деген жүйө менен кылмыш ишти жапкан.

Максим Бакиев атасы бийликте турганда мамлекеттин акчасын уурдаган деген айып менен быйыл Бишкекте 25 жылга сыртынан кесилген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG