Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Пакистанда абакка кол салуу учурунда 250дөн ашуун адам качып чыкты


Пакистандын түндүк-батышындагы Дера-Исмаил-Хан шаарында жайгашкан түрмөгө өткөн түнү талибдер кол салып, 250дөн ашык адам качып чыкты. Өлкө жетекчилигинин билдиргенине караганда, абактан качкандар арасында "Ал-Каида" менен байланышкан экстремисттик топтордун мүчөлөрү да бар. Кол салуу учурунда 14 адам набыт болду, алардын алтоо полиция кызматкери. Жергиликтүү полициянын жетекчисинин айтымында, согушкерлер адегенде бир нече бомба жардырып, андан кийин түрмөнүн имаратын миномет жана гранатометтор менен аткылаган. Кол салууга жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талибдер алды. Бул тууралуу "Техрик-и-Талибан Пакистан" кыймылынын өкүлү Шахидауллах Шахид билдирди. Дера-Исмаил-Хан шаары Пакистандын "Ал-Каида" согушкерлери жана талибдер көп жүргөн аймакта жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG