Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Пакистанда жаңы президент шайланды


Пакистанда бүгүн өтүп жаткан президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Мамнун Хуссейн көпчүлүк добушка ээ болду.

Добуш берүүгө парламенттин эки палатасынын депутаттары жана төрт провинциянын мыйзам чыгаруу жыйындарынын өкүлдөрү катышты. Жаңы президент быйыл сентябрда иш мөөнөтү аяктап жаткан өлкө башчы Асиф Али Зардаринин ордун ээлейт.

Мамнун Хуссейн премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандын мусулман лигасы" деп аталган партиясынан көрсөтүлөн талапкер. Оппозициядагы "Пакистандын элдик партиясы" бул шайлоого байкот жарыялаган.

Пакистанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрдикине караганда чектелүү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG