Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Баткенде сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды


Кадамжайдын Масалиев айыл аймагында Исфайрам дарыясына чөккөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мерт болгон жаран Чоң-Алай районунун тургуну 17 жаштагы Турду уулу Кубаныч болгон. Ал кечээ кеч курун Исфайрам дарыясына түшүп жатып чөгүп кеткен. Куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар каза тапкан жарандын сөөгүн бүгүн таңга маал табышты.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл сууга чөккөндөр көбөйгөнүн билдирген. Жай башталгандан бери эле 60тан ашык киши сууга чөгүп кеткен.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG