Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Ош: Жол кырсыгы көбөйүүдө


Быйыл алты айда Ош шаарында 223 жол кырсыгы катталды. Унаа кырсыгынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 57ге көбөйгөн. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Шайырбек Шакиров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын 6 айында катталган 170 жол кырсыгынан 14 адам каза тапкан болчу. Быйыл 10 адам набыт болду.

Шакиров билдиргендей, кырсыктын өсүшүнө унаанын көбөйүшү жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин жетишсиздиги себеп болууда. Андан сырткары, мас айдоочулардын да саны көбөйүп жатат. Учурда Ошто көчө кыймылын 57 кызматкер карайт. Шаарды толук көзөмөлдөө үчүн дагы ушунча киши талап кылынат.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаардында 56 736 автоунаа бар. Анын ичинен 53 819 машине жеке менчик, 2 917си ишканаларга таандык. Андан сырткары, жакынкы облус жана райондордон келип-кеткен машиналарды кошкондо, күнүгө Ош шаарында машина саны 100 миңге чукулдайт. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG