Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгы белгиленет


Өкмөттө Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгын белгилөө планы талкууланып жатат. Бул боюнча өткөрүлгөн жыйында планга кыргыз жана казак акындары арасында сынак уюштуруу, китеп жана дисктерди чыгаруу, Бишкектеги мектептердини бирине Шүкүрбековдун ысымын ыйгаруу сунуштары кошумча киргизилди. Акын, прозаик, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1913-жылы туулган. Узак жылдар бою ал Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп, эл шайырларын окутуп, аларга куйкумдуу ырларды, санат, термелерди, интермедияларды жазып берип, репертуарын байытып келген. "Жаркынай" "Айдар", "Жапалак Жатпасов", «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» сыяктуу чыгармалардын автору болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG