Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Зимбабведе президенттик шайлоо өтүүдө


Зимбабведе бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчылык кызматка беш талапкер ат салышууда. Негизги атаандаштар – өлкөнү 33 жылдан бери башкарып келаткан азыркы президент, 89 жаштагы Роберт Мугабе жана оппозиция колдогон премьер-министр Морган Цвангираи. 61 жаштагы Цвангираи буга чейинки президенттик шайлоолордун экөөнө катышып, утулуп калган болчу. 2008-жылкы шайлоодо биринчи турда жеңишке жеткенде ал куугунтукка жана коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Ал жетектеген “Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн” кыймылы азыркы тапта өлкөдө таза жана ачык шайлоо үчүн шарт жок деп эсептээрин айткан. Ал эми президент Мугабе жетектеген “Патриоттук фронт” шайлоодо бурмалоо болушу мүмкүн эмес деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG