Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

ӨКМ: 3-августтан тарта аба бир аз салкындайт


Кыргызстандын аймагында аба 3-августтан тарта бир аз салкындайт. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, бүрсүгүнү, 2-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 3-августта да аба ырайы ушундай болуп, температура бир аз төмөндөйт. Соңку бир нече күндөн бери өлкөдө өзгөчө ысык болууда. Абанын температурасы өрөөндүү аймактарда 40 градустан ашып жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эскертүү таратып, оорулуулардын абалы начарлашы мүмкүн деген. Талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк сугаруу керектигин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG