Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Нарында жайлоо бала бакчасы боюнча окуу өттү


Нарында жайлоодогу бала бакча тажрыйбасын жайылтуу максатында тренинг өттү. "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду жана ЮНИСЕФ уюму Чүй, Талас жана Ысык-Көлдүн район акимчиликтериндеги социалдык, билим берүү тармагын тейлеген кызматкерлерди Нарындын жайлоолорунда ачылган боз үйдөгү бала бакчалардын иши менен тааныштырды. Ага Хан фондунун жардамы менен Кыргызстанда мындай бала бакчалардан 20сы ачылган. Нарында бешөө. Кийин нарындыктар өз күчү менен бул сыяктуу бала бакчалардан дагы тогузду ачты. Долон жана Эки-Оттук жайлоолорундагы боз үй бала бакчалардын айрымдарын тренингдин катышуучулары менен экс-президент Роза Отунбаева өзү кыдырып чыкты. Балдар, тарбиячылар менен баарлашты. Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги соңку жылдары негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланды. Ошондуктан Отунбаеванын фонду Ага Хан фонду жана ЮНИСЕФтин жардамы менен алыскы райондордогу жайлоодо жашаган балдарды тарбиялап, окутуу үчүн боз үй бала бакчаларын ачуу демилгесин ишке ашырууда. (AA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG