Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Сирияда армия Хан-ал-Ассалга чабуул баштады


Сирияда өкмөттүк күчтөр Хан-ал-Ассал айылына чабуул баштады. Алеппо шаарынын четинде жайгашкан бул айылда быйыл март айында химиялык курал колдонулган деп айтылып келет. Өткөн аптада козголоңчулар аталган айылды толугу бойдон ээлеп алган болчу. Кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктарына көзөмөл жүргүзүү борборунун билдиргенине караганда, бүгүн ал жерге өкмөттүк армиянын кошумча күчү тартылып, козголоңчуларга чабуул жасалды. Сирия бийлиги менен оппозиция март айында Хан-ал-Ассалда химиялык курал менен 30 адам өлтүрүлгөн деп бири-бирин айыптап келет. Өткөн аптада өкмөт бул аймакта текшерүү жүргүзүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттерин алып келүү маселеси чечилгенин кабарлаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG