Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Жети-Өгүздөгү унаа кырсыкта жабыркаган дагы бир аял каза тапты


Өткөн аптада Жети-Өгүздө болгон унаа кырсыгында оор жараат алган дагы бир адам каза тапты. Нуржан Абдырахманова бүгүн эртең менен саат сегиз жарымда көз жумганын "Азаттыкка" облустук оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев билдирди. Анын айтымында, Абдырахманова ооруканага түшкөн бойдон эсине келе алган жок. Ошентип, бул унаа кырсыгында мерт кеткендердин саны 15ке жетти. Жабыркаган дагы 4 киши ооруканада жатат. Абалы жакшырып келатат. Апасынан жана агасынан айрылган беш жаштагы Гүлнара Акылбекова ооруканадан чыкты.

23-июлда Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жолдон чыгып, чоң бакты барып сүзгөн. Кырсыктын так себеби аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу жолго эч уруксатсыз, тешерүүсүз чыккан. Кырсыкта ал өзү жана жубайы да каза тапты. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG