Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Москвадагы рейд кыргыз мигранттарын да чочутууда


Кармалган мигранттар, Москва, 30-июль, 2013.
Кармалган мигранттар, Москва, 30-июль, 2013.

Москва базарларындагы соңку күндөрдөгү кармоолорго кыргыз мигранттары да кабылып жатканы айтылууда.

Акыркы күндөрдө Москва шаарында полиция базарларда рейддерди уюштуруп, жүздөгөн мигранттарды кармап кетти. Орус бийликтери кармалгандардын көпчүлүгү Кавказдан келген мигранттар деп билдирүүдө. Бирок Москвадагы кыргыз мигранттары кармалгандар арасында кыргызстандыктар да кездешип жатканын, бул рейддерден улам көчөгө чыгуудан чочулап калганын айтууда.

Даргүл Жорокулова 8 жылдан бери Орусияда эмгектенет. Ал акыркы учурда Москвадагы “Садовод-Люблино” базарында иштеп жатат. Даркүл айым акыркы үч күндө өзү эмгектенген базарда орус полициясы менен миграция кызматынын рейди башталганы мигранттардын тынчы кеткенин айтып даттанууда. Анын айтымында, орус полициясы кармап кеткендердин арасында кыргыздар да аз эмес:

- Бул рейддин башталышына негизи кавказдыктар күнөөлүү болуп калбадыбы. Анын кавказдыктардын жүзү бизге түспөлдөш болуп, кара тору болгону үчүн Орусиянын полициясы кыргызбы, өзбекпи, тажикпи жумушка уруксаты бар-жогуна карабай эле кармап кетип жатышат. Рейддер абдан күчөдү. Көчөлөрдөн деле кара тору, азият түспөлүндөгүлөрдү кармап жатышат.

Даргүл Жорокулова бүгүн эле базар айланасындагы дүкөндө эмгектенген эки кыргызстандыкты кармап кеткенин кошумчалады:

- Азыр эле мага кызым чалды. Мени менен чогуу иштеген эки кыргыз баланы алып кетти деп айтты. Алардын жумушка иштегенге деле уруксаты бар эле. Үч күндөн бери рейд башталганы биздикилер дүрбөлөң түшүп жатабыз.

Негизинен Москвада кыргыздар көбүнесе "Строгино", "Мытищи", “Садовод” базарларында иштешет. “Строгино” базарында иштеген Абдыбаит Кандыбаев бул базарда азырынча текшерүү өтө электигин айтууда:

- Мен базарда жүк ташып иштейм. Азыр бул жакта рейд деле болгон жок. Баары эле жайында, документтиң жайында болсо эле болду. Азырынча эч кандай деле текшерүүнү көргөн жокпуз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада рейд жүргүзүлгөн базарларда кыргызстандыктар кармалган-кармалбаганы тууралуу маалымат жок экенин билдирүүдө. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” буларды айтты:

- Москвада мэр шайлоого карата четтен келген мигранттарды текшерүү операциялары жүрүп жатат. Азыркы учурда деле мигранттар жыш болгон аймактарда бул текшерүүлөр уланып жатат. Бул операциялардын алкагында кыргызстандыктар кармалдыбы, кармалса алар кайда деген маалыматтарды расмий түрдө сурадык. Бизге толугу менен маалымат бермей болушту. Орусиянын айрым маалымат каражаттары кармалгандардын арасында кыргыздар, Орто Азиядан келгендер де бар деп жатышат. Бирок азыркыга чейин жакындарымды кармап кетти деп кайрылгандар боло элек.

Москвадагы “Матвеевский” базарындагы рейддер 27-июлдагы окуядан кийин башталды. Анда бул базарда полиция 15 жаштагы кызды зордуктаган кишини издеп жатканда чыр чыгып, бир полиция кызматкеринин башы жарылып, ооруканага түшкөн болчу. Бул окуяга күнөөлүү катары Кавказдан келген үч адам кармалган. Бул окуядан соң Москва бийликтеринин буйругу менен базарларда кылмыштуулукту азайтуу максатында шейшембиде рейд уюштурулуп, 500гө жакын адамды кармалды.

Бул күнү мигранттардын колунан токмок тийди делген полициячыны ооруканадан көрүп чыккан Москва мэринин милдетин аткаруучу Сергей Собянин журналисттерге мындай рейддер дагы уланарын тастыктады:

- Биз Москвада акыркы учурда эле 30 базарды жаптык. Алардын арасында кичи базарлар да, “Лужники”, "Славянский мир” сыяктуу ири базарлар да бар. Бирок бул жетишсиз болуп жатат окшойт. Ошондуктан базарларды тартипке келтирүүнү улантышыбыз керек. Мен Миграция кызматы, "Роспотребнадзордон" мындан ары да бул сыяктуу рейддерди улантууну суранам.

Орусияда расмий түрдө 580 миңден ашык кыргызстандык мигрант эмгектенет. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын саны андан алда канча көп. Алардын көпчүлүгү базарларда жана курулушта, тейлөө тармактарында иштейт.


Москвада жүздөгөн мигранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG