Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Өзгөндө ымыркайдын өлүгү табылды


Оштун Өзгөн районунда ымыркайдын өлүгүн көчөгө таштап кеткендер изделүүдө. Жаңы төрөлгөн баланын өлүгү эки күн мурун табылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти. Издөө иштери менен Өзгөн райондук милиция кызматкерлери алектенүүдө. Алардын божомолунда, ымыркайды кокусунан боюна бүтүрүп алган аял айласыздан таштап кеткен болушу мүмкүн. Бала атайын өлтүрүлгөнбү же жокпу, азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG