Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Ош - Баткен - Исфана жолунун 2-этабы курулууда


12-июлда курулушу башталган Баткен - Исфана жолунун узундугу 90 чакырым. Транспорт жана байланыш министрлигинин инвестицияларды долбоорлоо тобунун башчысы Кубанычбек Мамаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жол 18 айда курулуп бүтөт, негизинен Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.
Ош-Баткен-Исфана жолу келечекте Казакстан- Ооганстан-Тажикстан жана Кыргызстанды бириктире турган стратегиялык мааниси бар магистрал. Буга чейин узундугу 120 чакырымды түзгөн Бүргөндү-Баткен жолу курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондой эле учурда Ош-Бүргөндү жолундагы Ноокат ашуусунда жол курулушу жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG