Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Өкүлдөр палатасы Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүдө


АКШда Конгресстин Өкүлдөр палатасы Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүдө. Иранды талаштуу өзөктүк прогрммасынан баш тарттырууга багытталган мындай кадам өлкөнүн жаңы президенти кызматка киришер алдында жасалды. Конгресс жактырган мыйзам Ирандын мунай экспортун бир жыл ичинде күнүнө бир миллион баррелден кыскартуу менен 2015-жылга карата ирандык мунайдын дүйнөлүк базарда сатылышын токтотуу максатын көздөйт. Мындан сырткары Ирандын кен казуу жана курулуш секторуна тартылган компанияларды кара тизмеге киргизет.

Иранга каршы санкцияларды мурдагыдан да күчөтүүнү караган мыйзамды эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенат бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG